Вагнердин жоокерлери Белорус аскерлерин машыктыра башташты

Автор

“Вагнер” менчик аскердик компаниясынын  жоокерлери Белоруссияга келип, Беларустун аймактык коргонуу күчтөрүнүн аскер кызматкерлерин окутуп жатышат.  Бул тууралуу Беларустун Коргоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Вагнерчилер Осиповичинин (Могилев областы) жанындагы полигондо аймактык аскерлерге  машыгуулары өтүүдө.

“Аскерге чакырылгандар согуш талаасында жүрүү жана тактикалык ок ​​атуу, инженердик даярдык жана тактикалык медицина боюнча билимге ээ болушат. Вагнер ПМКсынын жоокерлери бир катар аскердик дисциплиналар боюнча инструктор болуп иштешкен”, — деп айтылат министрликтин маалыматында.

Эске салсак, Орус аскер жетекчилигине каршы 24-июндагы көтөрүлүш тез аяктагандан бир нече күн өткөндөн кийин Вагнердин башчысы Евгений Пригожин жана анын ондогон командирлери Кремлде президент Владимир Путин менен жолугушкан. Кремль 3 саатка созулган сүйлөшүүнүн жыйынтыгы тууралуу эч кандай маалымат берген жок. Бирок Путин менен Лукашенко Вагнер Беларуста жаңы база таба аларын айтышкан.

Бөлүшүү:
Next Post

Ленин округунан шайлоо: Депутаттыкка талапкерлердин  саны бешке жетти

Борбордук шайлоо комиссиясына Бишкектин №26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаты болууга арыз бергендердин саны бешке жетти. Өзүн-өзү депутаттыкка көрсөткөндөр Эртай Исаков, Алмаз Аскар уулу, Эркин Булекбаев жана Роман Ремнёв, Турсунбай Бакир уулу. Боршайком кайра шайлоону 10-сентябрга белгилеген. Талапкерлерди көрсөтүү мөөнөтү 10-августта аяктайт. Бөлүшүү:

Сизге жагышы мүмкүн