Дания Куранды өрттөөгө тыюу салды

Автор

Даниянын өкмөтү диний китептерди, анын ичинде Куранды, Библияны жана башкаларды өрттөөгө тыюу салган мыйзамды сунуштады. Бул тууралуу юстиция министри Питер Хуммельгаард жарыялады

Ага ылайык, диний китептерди өрттөгөндөргө кылмыш иши козголуп, эки жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн. Министр  Куранды өрттөө акцияларын “чет жакта жана өлкө ичинде даниялыктардын коопсуздугуна коркунуч келтирген мазактоо актысы” деп атады.

Июнь-июль айларында Скандинавиядагы эки мамлекетте бир нече жолу Куранды өрттөө акциялары өткөн. Буга байланыштуу ондогон мусулман өлкөлөрүндө нааразылык митингдери өтүп, Швеция менен дипломатиялык алаканы үзүү боюнча чакырыктар жаңырган.

Бөлүшүү:
Next Post

Муфтияттын жаңы баш кеңсеси ачылды

Бишкек шаарында КМБДнын (Муфтият) жаңы курулган баш кеңсесинин салтанаттуу ачылыш аземи болуп өттү. Азирети Муфтий Замир кары Ракиев баштаган муфтият аппараты, казылар, райондордун баш имам-хатибдери, ДОЖ мүдүрлөрү, «Исмаил Матраимов» атындагы коомдук кайрымдуулук фондунун жетекчилиги, мекеме-ишкана директорлору, дин аалымдары, диний ишмерлер, ар кайсы фонд өкүлдөрү жана шаардыктар катышты. Ошондой эле ардактуу […]

Сизге жагышы мүмкүн