Столтенберг: НАТО Украинага аскер киргизбейт

Автор

НАТОнун баш катчысы Йенс Столтенберг Associated Press (AP) агенттигине берген маегинде Түндүк Атлантика альянсы өз аскерлерин Украинага жөнөтпөй турганын билдирди. Аскердик-саясий уюмдун жетекчиси уюмга кирген мамлекеттердин эки улуттук лидеринин кагылыш болгон аймакка согуштук аскерлерди жөнөтүү жөнүндөгү билдирүүлөрүн жокко чыгарууга аракет кылды.
Франциянын президенти Эммануэль Макрон менен Словакиянын премьер-министри Роберт Фицо Европа өлкөлөрү аскер кызматкерлерин Украинанын аймагына өткөрүү мүмкүнчүлүгүн карап жатканын билдиришкен.
Столтенбергдин айтымында, НАТО буга чейин Киевге колдоо көрсөтүп жатканын, андыктан кошумча жардам чаралары азырынча талап кылынбай турганын кошумчалады.
Баш катчы Батыш Украинага 2022-жылдан бери эмес, Донбасстагы жаңжал башталган 2014-жылдан бери жардам берип жатканын эске салды.

Бөлүшүү:
Next Post

Бишкекте бильярд боюнча дүйнө чемпионаты башталды

Бишкекте чоңдор арасында бильярддын “айкалыш пирамида” түрү боюнча дүйнө чемпионаты башталды. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти. Өлкө тарыхында алтынчы ирет өтүп жаткан бильярд боюнча таймашка 18 өлкөдөн 145 (128 эркек жана 17 кыз-келин) спортчу катышууда. Салтанаттуу ачылыш аземге министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдиль Байсалов, […]

Сизге жагышы мүмкүн