44 млн сомго курулган мектептен жарака кетти

Автор

Мындан 3 жыл мурда Кара-Суу районуна караштуу Жар -Ооз айылына курулган 44 млн сомдук мектеп жараксыз абалга кептелди.
Аны Ош шаарынын мурдагы вице-мэри Шухрат Азимовдун атасынын фирмасы курганы маалым болду. №85 Сооронбай Жусуев атындагы мектеп 2020-жылы сентябрь айында ишке берилген. Бирок, мектептин айрым жерлеринен жарака кетип, учурда коркунуч жаратууда. Мектептин курулушуна буйрутманы Ош облустук капиталдык курулуш башкармалыгы берип, бүткөндөн кийин кабыл алган. Курулушту ишке ашырган ОсОО “Ош Модерн” компаниясы жарака шыбактан кеткенин билдирип, кайрадан оңдоп, түзөөнү убадалаган. Курулуш 6 жылда аяктаганы менен бир топ күмөндүү иштер кошо жаралган. Мисалы, тендер 2014-жылы кагаз жүзүндө өткөнү, белгиленген 44 млн сомдон башка 2 млн 97 миң 548 сомго кайрадан тендер өткөрүлгөнү, аны кайра эле ОсОО “Ош Модерн” утканы маалым болгон.

Бөлүшүү:
Next Post

Суу үстүндө жалгыз мечит

Казакстандагы суу ташкынында дүйнөнү таң калтырган бир окуя катталды. Суу каптаган айылда мечиттен башка эч нерсе калган эмес. Бул окуя Кызылкога аймагынын Коныстану айылында болуп, Мечитке улуу жазуучу Абай Кунанбаевдин аты ыйгарылганы белгилүү болду. Бөлүшүү:

Сизге жагышы мүмкүн