Казакстанда Нооруз 10 күн майрамдалат

Автор

Президент Касым-Жомарт Токаевдин тапшырмасына ылайык, Казакстанда Наурыз майрамын белгилөө реформаланды. Өлкөнүн Маданият министрлигинин Маданият комитетинин төрагасынын орун басары Сабит Барлыбаев «Анын маанисин жана мазмуну байытылды. Жыл сайын 14-марттан 23-мартка чейин өткөрүлө турган «Наурызнама» декадасын жарыялоо сунушталды. Ошондой эле Наурыздын бирдиктүү логотиби бекитилип, өлкөнүн бардык аймактарына жөнөтүлдү. Тарыхта жаңы жыл майрамы 8-9 күнгө созулуп, «Наурызнама» деп аталып калды»,-деди.
Ал майрамдык декададагы ар бир күнгө токтолду.
14-март – «Көрісу күні – Амал мерекесі». Бул күнү жылуу кол алышуу, бекем кучакташуу салтка айланган.
15-март – «Қайырымдылық күні». Бул күн өлкө боюнча кайрымдуулукка жана жакшы коңшулукка арналган.
16 март – «Мәдениет және ұлттық салт-дәстүр күні». Бул күн казак маданиятын, искусствосун жана улуттук баалуулуктарын даңазалоого арналган.
17-март – «Шаңырақ күні». Бул күнү үй-бүлөлүк баалуулуктарды жайылтуу, үлгүлүү үй-бүлөлөргө арналган маданий иш-чаралар, адеп-ахлактык тарбия маселелери пландалууда.
18-март – «Ұлттық киім күні». Бул күнү өлкөнүн бардык аймактарында казактын улуттук кийимдерин жайылтууга багытталган түрдүү иш-чаралар өткөрүлөт.
19-март – «Жаңару күні». Бул күнү жазгы көчөт отургузуу салтын улантуу сунушталды.
20-март – «Ұлттық спорт күні». Бул күнү бардык аймактарда улуттук спорттун түрлөрү боюнча мелдештер өткөрүлөт.
21-март – «Ынтымақ күні». Идеясы жалпы эл бири-бирине болгон сый-урматты арттырып, тынчтыкты жана биримдикти бекемдөө.
22-март — «Жыл басы». Бул күнү өлкөнүн бардык аймактарында этно-айылдар түзүлүп, түрдүү жарманкелер өткөрүлөт.
23-мартта – «Тазару күні». Жаңы жылды жаңы максат, жаңы үмүт менен тосуп алуунун символу болгон Наурызнаманын акыркы күнү болуп калат.
«Наурыз-базарлық» 14-марттан 23-мартка чейин жарыяланат. Бул күндөрү соода түйүндөрүндө массалык сатуу мүмкүнчүлүгү пландалууда.

Бөлүшүү:
Next Post

15-мартта күтүлгөн аба ырайы

15-мартта түнкүсүн Чүй, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ош, Жалал-Абад облустарынын айрым жерлеринде кар жаайт. Жолдор тоңголок жана тайгак болот. Абанын температурасы: Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -5…-10, күндүз 1…6; Талас өрөөнүндө түнкүсүн -9…-14, күндүз -1…+4; Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 0…-5, күндүз 9…14; Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -6…-11, күндүз -2…+3; Нарын облусунда […]

Сизге жагышы мүмкүн