Валентина Шевченко күйөрмандарына кайрылуу жасады

Автор

Кыргызстандык  атактуу мушкер  Валентина Шевченко UFC 285 турниринде жеңилип калгандан кийин социалдык тармак аркылуу күйөрмандарына кайрылуу жасады.

“Колдооңор үчүн баарыңарга рахмат! Ар бириңерди баалайм! Жакшы да, кыйын да ирмемдерде мени менен болгонуңар үчүн рахмат! Оор кырдаалдар күчтүүлөрдү жаратат. Кармаш искусствосу менен жашоом алды-кийин болуп көрбөгөндөй күчтүү болуп, тез арада реванш менен кайтып келем. Кармаш катаны кечирбейт. Үстөмдүк кылып баратып жеңилип калганда көңүлүң өзгөчө ооруйт. Эч кандай актануу болбойт, болгону жан териңди төккөн машыгуу гана керек. Баарын кайрадан баштаганга даярмын. Баарыңарды жакшы көрөм”, — деп жазган ал.

Эске салсак, UFC уюмунун жеңил салмактагы дивизион чемпиону Валентина Шевченко титулун сегизинчи ирет коргогону чыгып, мексикалык Алекса Гроссого жеңилип калган.  Ал эми былтыр Шевченко чемпиондук курун коргогон беттештеринин саны (жети) боюнча аялдар арасында рекорд койгон. Акыркы ирет Сингапурда бразилиялык Тайла Сантосту жеңип алган.

Бөлүшүү:
Next Post

Бүгүн Бишкектин үч конушунда суу өчүрүлөт

Бүгүн, 7-мартта Бишкектин Энесай, Дордой-1, Дордой-2 конуштарында таза суу берүү убактылуу токтотулат. Муниципалитеттен билдиришкендей, эртең саат 9:00дөн 15:00гө чейин аталган конуштардагы турак жай имараттары, мектептер, бала бакчалар, саламаттык сактоо мекемелери жана башка социалдык-тиричилик объектилери жана өнөр жай ишканалары суусуз калат. Суу “Энесай” суу алгычында жана шаардагы таза суу түтүктөрүндө оңдоо […]

Сизге жагышы мүмкүн