№ 9 Кара-Суу шайлоо округу боюнча дагы бир талапкерден арыз түштү

Автор

КР Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясына № 2 Баткен бир мандаттуу шайлоо округу жана № 9 Кара-Суу бир мандаттуу шайлоо округу боюнча КР Жогорку Кеңешинин жетинчи чакырылышынын депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоого катышууга талапкерлерден арыздар түшө баштады.
БШКнын басма сөз кызматынан билдиришкендей, Кара-Суу бир мандаттуу шайлоо округу боюнча талапкерликке кѳрсѳтүү (ѳзүн ѳзү кѳрсѳтүү тартибинде) ниети жѳнүндѳ талапкер Бакир Бакытбектен арыз келип түшкѳн. Ал 1961-жылы туулган, пенсионер.
Белгилей кетсек, бул Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоого катышууну каалаган үчүнчү талапкер.

Бөлүшүү:
Next Post

Калкты социалдык жактан коргоого 62,7 млн сом бөлүнөт

2024-жылга Кыргызстанда социалдык коргоого 62,7 млн сом бөлүү пландалууда. Бул тууралуу Финансы министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, мамлекеттик бюлджеттин олуттуу салымы калкты социалдык жактан коргоого жумшалат. 2021-жылы калкты социалдык жактан коргоого 35,8 млрд сом бөлүнгөн болсо, 2024-жылы бул максатттарга каралган каражаттар кыйла өсүү динамикасы менен 62,7 млрд сомду түзүүдө. Белгиленгендей, Кыргызстандын […]

Сизге жагышы мүмкүн