Ленин  округу боюнча шайлоонун жыйынтыгы: Алдыңкы үчтүктө кимдер бар?

Автор

Бишкекте №26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округунан Жогорку Кеңештин депутатын кайра шайлоо аяктады.

Аталган округда шайлоочулардын жалпы саны 127 миң 239 адамды түзсө, анын ичинен шайлоого 20 миң 169 адам катышкан (15,85%). Шайлоодо жалпы 24 талапкер депутаттыкка ат салышты.

Автоматташтырылган башкаруу системасынын (АСУ) маалыматтары алдын ала болуп эсептелет. Бардык шайлоо участкаларында добуштарды кол менен эсептөө уланууда. Мөөнөтүнөн мурда шайлоонун жыйынтыгы добуштарды кол менен эсептөөнүн негизинде чыгарылат.

 

АСУнун жыйынтыгы боюнча эң көп добуш алган талапкерлер:

  • Кубанычбек Самаков — 5 273 (26,14%);
  • Русланбек Тагаев — 3 831 (18,99%);
  • Аскар Алмаз уулу — 2 630 (13,04%).
Бөлүшүү:
Next Post

Бүгүнкү доллардын курсу

Бүгүн, 11-сентябрга карата Кыргызстандын коммерциялык банктарда жана акча алмаштыруучу жайларда 1 долларды сатып алуу 88.35 сомдон  болсо, сатуу  88.44 сомго  чейин  болууда. Ал эми Улуттук банкта 1 доллардын курсу 88.37 сом  деп көрсөтүлгөн Бөлүшүү:

Сизге жагышы мүмкүн