Бүгүн Садыр Жапаров  Жалал-Абадга барат

Автор

Президент Садыр Жапаров 26-27-октябрда иш сапары менен Жалал-Абад облусуна барат. Бул тууралуу мамлекет башчынын басма сөз кызматы кабарлады.

Жапаров Жалал-Абад шаарынын күнүнө арналган иш-чараларга катышып, бир катар социалдык объекттердин курулушунун жүрүшү, ички жолдордун абалы, ошондой эле ишканалардын ишмердүүлүгү менен таанышат.

Майрамдык иш-чаралар — Аюб-Тоо тоосунда мамлекеттик тууну көтөрүү жана «Курманбек» стадионундагы майрамдык концерт (башталышы 18:30да) УТРК эфиринде жана социалдык тармактардын баракчаларында түз чагылдырылат.

Бөлүшүү:
Next Post

 Жогорку Кеңеште "Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн жылын" жарыялоо сунушталды

2024-жыл “Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн жылы” болсун деп “Элдик” фракция тобунун депутаты Кубаныч Самаков сунуштады.  Бул тууралуу ал бүгүн, 26-октябрда парламенттин  жалпы жыйынында сөз алып, 1924-жылдын 14-октябрында СССРдин курамында алгачкы жолу Кара Кыргыз автономиялуу облусу түзүлүп, кайра макамыбыз 1926-жылы автономиялуу Республикага көтөрүлгөнүн, 100 жылдан бери туруктуу өнүгүүнүн натыйжасында өлкөнү өнүктүрүү менен Эгемендүү […]

Сизге жагышы мүмкүн