Кыргызстан жана Орусиянын өкмөт башчылары жолугушту

Автор

2024-жылдын 18-январында КР министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун Москва шаарына (Россия Федерациясы) жумушчу сапары болуп өттү.
Визиттин алкагында Россия Федерациясынын өкмөтүнүн төрагасы Михаил Мишустин жана Россия өкмөтүнүн төрагасынын орун басары, Кыргыз-Россия өкмөттөр аралык соода-экономикалык комиссиясынын илимий-техникалык жана гуманитардык кызматташтык боюнча теңтөрагасы Алексей Оверчук менен жолугушуулар болду.
Бул жолугушуулардын жүрүшүндө тараптар көп тармактуу кыргыз-орус кызматташтыгынын эки тараптуу күн тартибинин актуалдуу маселелерин талкуулашты, соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташууну активдештирүү пландарын белгилешип, мурда жетишилген макулдашууларды ишке ашыруу боюнча «синхрондук байкоо жүргүзүп», Соода-экономикалык, илимий-техникалык жана гуманитардык кызматташуу боюнча кыргыз-орус өкмөттөр аралык комиссиясынын 25-жыйынынын жана 11-аймактар аралык кыргыз-орус конференциясынын датасын макулдашышты.

Бөлүшүү:
Next Post

V Дүйнөлүк көчмөндөр оюну Астанада өтөт

V Дүйнөлүк көчмөндөр оюну 8-14-сентябрда Астана шаарында өтөт. Бул тууралуу Казакстандын Спорт жана туризм министрлиги билдирди. Мелдештерге 100дөн ашык өлкөдөн 4 миңге жакын спортчу катышат. Спорттук жана маданий иш-чараларга 100 миңден ашык туристтин келүүсү күтүлүүдө. Алдын ала маалымат боюнча, спорттук программа спорттун 20 мелдештик жана 10 көрсөтмөлүү түрүн камтыйт: Анын […]

Сизге жагышы мүмкүн