Бүгүн Садыр Жапаров Астанада өтүүчү Түрк мамлекеттер уюмунун саммитине катышат

Автор

Президент Садыр Жапаров 2-3-ноябрда Түрк мамлекеттер уюмуна (ТМУ) мүчө өлкөлөрдүн башчыларынын Саммитинин кезектеги жыйынына катышуу үчүн Казакстан Республикасынын Астана шаарына иш сапары менен барат. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев билдирди.

Өлкө лидерлери Уюмдун күн тартибиндеги актуалдуу маселелерди талкуулашат, көп тараптуу кызматташтыктын негизги багыттарын камтыган Астана актысын жана Саммиттин жыйынтыктоочу Декларациясын кабыл алышат.

Иш-чаранын алкагында өзгөчө кырдаалдар, метрология жаатындагы көп тараптуу документтерге кол коюу, ТМУ Транспорттук байланыш программасын ишке ашыруу боюнча Биргелешкен иш-аракеттер планы, Түрк мамлекеттер уюмунда жана Түрк маданияты жана мурасы фондунда бир катар кадрдык чечимдерди кабыл алуу, ошондой эле 6-февралды «ТМУ алкагында кырсыктардын жана тилектештиктин курмандыктарын эскерүү күнү» деп жарыялоо тууралуу чечим кабыл алынмакчы.

Саммиттин ишине уюмга мүчө мамлекеттердин – Түркия Республикасынын, Азербайжан Республикасынын, Казакстан Республикасынын, Кыргыз Республикасынын жана Өзбекстан Республикасынын мамлекет башчылары, ошондой эле Уюмдун байкоочу өлкөлөрүнүн делегация башчылары катышат», – деп билдирди Муратбек Азымбакиев.

Бөлүшүү:
Next Post

Газадан 500дөй чет элдик кетти

БУУнун баш катчысынын расмий өкүлү Стефан Дюжаррик Газа тилкесинен 500гө жакын чет элдиктер чыгып кеткенин билдирди. Буга чейин 117 чет элдик Газа тилкесинен Египетке Рафах пункту аркылуу өткөнү, арасында 35 бала болгону кабарланган.   Бөлүшүү:

Сизге жагышы мүмкүн