Түркияга жардам үчүн ачылган эсепке 90,7 млн сом түштү

Автор

Бүгүн, 3-март саат 09:00га карата Түркиядагы жер титирөөдөн жабыркаган жарандар үчүн ачылган атайын эсепке 90 млн 780 миң 370,37 сом жана 15 миң 250 рубль жана 65,67 доллар түштү. Бул тууралуу Финансы министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Белгилей кетсек, Түркиядагы жер титирөөдөн жабыркаган жарандар үчүн Каржы министрлигинин Борбордук казыналыгында атайын бирдиктүү депозиттик эсеп ачылган. Табигый кырсыктын кесепеттерин жоюуга жардам берүүнү каалагандар эсептин реквизиттерине сом, доллар, рубль жана евро валютасында каражат которо алышат.

Банк: “Айыл Банк” ААК

ИНН 01803199710084

БИК 135001

ОКПО 30597768

Эсептин номери: № 1350102119900169 “Каржы министрлигинин транзиттик эсеби (Түркияга жардам)”.

Төлөм коду: 14411100 – “Учурдагы жардам”

Бөлүшүү:
Next Post

Украинага өзөктүк курал жеткирүүнү каалагандар чыкты

НАТО өлкөлөрү өлкөнүн коопсуздугун камсыз кылуу үчүн Украинаны өзөктүк курал менен камсыздоо маселесин карашы мүмкүн. Бул тууралуу Эстониянын тышкы иштер министри Урмас Рейнсалу айтты. Ал НАТО эрежелерине байланыштуу учурда мындай чечимди кабыл алуу мүмкүн эмес экенин белгиледи. “НАТОдон башка бир гана кепилдик Украинаны өзөктүк курал менен камсыздоо”,-деди Урмас Рейнсалу. Ошол […]

Сизге жагышы мүмкүн