Абдыкадыровду “Алтын төш белгиси” менен узатышты

Автор

Бишкек шаардык мэриясынын жамааты борбор калаанын мурдагы мэри Эмилбек Абдыкадыровду ардактап, “Алтын төш белгиси” менен  узатышты.

Бишкек мэри Айбек Жунушалиев жана Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы Кубанычбек Конгантиев Эмилбек Абдыкадыровду борбор калааны өнүктүрүүдө – жалпы билим берүүчү жана социалдык мекемелерди курууда, автобустарды ишке киргизүү жолу менен транспорттук көйгөйлөрдү чечүүдө, турак-жай конуштарын газдаштырууда, санитардык полигонду өчүрүүдө олуттуу салым кошкондугу үчүн мэриянын “Алтын төш белгиси” менен сыйлашты.

Жыйынтыктоочу сөзүндө мурдагы мэр мэриянын жамаатына биргелешкен иши үчүн ыраазычылык билдирди.

Эскерте кетсек, буга чейин өлкө башчынын жарлыгына ылайык Эмилбек Абдыкадыров президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалган.

Бөлүшүү:
Next Post

Манас Осмон: “Жарандар кимдир бирөөнүн саясий кызыкчылыгына курал болбошу керек”

2020-жылдан бери өлкөдө эмне өзгөрдү? Садыр Жапаров менен Камчыбек Ташиевдин 3 жыл ичиндеги ийгилиги ушул суроого жооп издеп турат. 30 жыл бою тезек терип, күн бетин көрбөдүк десек, мына ошол кошоматчылыктын дал өзү. Ансыз деле биздин коомду «оппозиция-позиция» деген эки жээкте бири-бирине муш кезеген абалда көрүүгө болот. Менимче, 6-октябрдагы төңкөрүштөн […]

Сизге жагышы мүмкүн