Бүгүн китеп белекке берүүнүн эл аралык күнү

Автор

Бүгүн, 14-февраль — китеп белекке берүүнүн эл аралык күнү. Китепкөйлөрдүн күнүнө айланган бул майрам 2012-жылдан тарта белгиленип келет. Демилге АКШдагы мектеп китепканачысы, балдар китептери сайтынын негиздөөчүсү Эмми Бродмур айым тарабынан көтөрүлгөн.
Бул күнү китептер жаңы окурмандарын таап, китепкөйлөр бири-бирине кубаныч тартуулашат. Түзүлгөндөн тарта эле бул демилге бүткүл дүйнөлүк колдоого ээ болуп, дүйнө жүзү боюнча улам жаңы катышуучуларды таап келүүдө.
Китепти белекке берүүнүн эл аралык күнү Франция, Украина, Түштүк Африка, Япония, Нигерия, АКШ, Улуу Британия, Малайзия сыяктуу 44төн ашык өлкөдө белгиленет.

Бөлүшүү:
Next Post

Ошто дагы 2 социалдык дарыкана ачылды

Ош шаарында үй-бүлөлүк медицина борборунун № 2,3 филиалдарында социалдык дарыканалардын ачылышы болду. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынан кабарлашты. Ачылыш аземине Ош шаарынын мэринин орун басары Нурбек Кадыров, саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев катышып, калкты сапаттуу жана арзан дары-дармектер менен камсыз кылуу, баа саясатын туруктуу кармоо үчүн өлкө боюнча кошумча мамлекеттик […]

Сизге жагышы мүмкүн