Ийгиликтин 10 ачкычы

Автор

Ийгиликтин 10 ачкычы.
Ийгиликтер жана ага жетүүнүн жолдору туурасында эчендеген китептер жазылган. Бул айрыкча заманбап психологиянын эң маанилүү темаларына айланды. Ал эми атактуу журналдар жетишкен, алдыңкы инсандардын бир жактуу гана бейнесин ачып берүүдө. Чындыгында ийгилик деген эмне? Ал коомдогу кандай стандарттарга жооп берет? Болбосо айлыгы жогорку кызмат, кымбат маркадагы автоунаа же атактуу дизайнерлердин кийимдери менен эле чектелеби? Мындай жөнөкөй көрүнгөн бирок артында эбейгейсиз мээнеткечти талап кылган ийгиликтин сырларынын кээ бир жактарын ачып көрөлү.Белгилүү психолог Томас Леонерда «Кардар ийгиликтин эмне экендигин өзү аныктайт» деген сөзү бар. Бул адамды белгилүү бир образдын алкагына кирбестен өзүнүн жеке жетишкендигин багынтуу дегендикти түшүндүрөт.
Эмесе биз азыр тоодой ийгиликтерди багыткан мээнеткеч адам менен башка адамдардан айырмаланган сапаттарына сарысеп салып көрсөк.
1) Мээнеткеч адам мүмкүнчүлүктөрдү, маселени чечүүнүн жол жобосун издейт. Ал эми жалкоо адам шылтоо жана улам тоскоолдуктарды таба баштайт.
Буга мисал катары акча каражатынын тартыштыгын алалы. Мээнеткеч адам акча табуунун жол жобосун издештирип, билим алат. Тапкан акчасын туура колдонууну ойлонот. Жалкоо адам бул өлкөдө акча табууга мүмкүн эместигинин себептерин таап чыгат.
2) Мээнеткеч адам ар дайым кыймыл аракетте, изденүүдө болот. Ал эми жалкоо дайыма ишти кийинкиге жылдырат.
Жетишкен адам жалкоолугу болсо да билбестигине же коркондугуна карабай ишке шымалашып киришет. Ал эми ыкшоо адам дайыма билим топтоп бирок аны колдонуунун ылайыктуу учурун күтүп жүрө берет.Бирок андай учур такыр келбейт. Ошентип, ал убакытка уттуруп жиберет. Бир даанышмандын айтканы бар «Жай мезгили – иш жүрбөгөн убакыт,эс алууга чыгыш керек. Күзүндө болсо балдарды мектепке даярдоо,жыйым терим учуру, кыш болсо жаңы жылдык каникулдун убактысы болуп калат. Жаз – айдап себүүнүн мезгили. Анда жакшы жашоонун убактысы качан келет?» деген экен.
3) Мээнеткеч адам улам бийиктиктерге умтулат. Жалкоо адам азыркы абалынан козголгусу келбейт.
«Мурда кыла албаганды, азыр жасадым» мээнеткечтин ички пикири. « Эмнеге? ушул эле болот» жалкоонун түшүнүгү
4) Мээнеткеч адам кулайт. Анан кайрадан турат. Ал эми жалкоо адам кулагандан, жаңылыштык кетиргенден коркот. Эгер куласа кайра бутуна турайын дебейт.
Атактуу адамдардын өмүр таржымалынан алардын кулап анан кайра –кайра көтөрүлүп, кээде олуттуу жоготууларга учурагандыгын көрүүгө болот. Мындай жеңилүүлөр адамды ийгилике гана жетелейт.
5) Мээнеткеч адам өзүн өзү шыктандырып турат. Ал эми жалкоону сырттан шыктандырып, жөндөп туруу керек.
Адатта мээнеткеч адам өзүнүн күчүн сынап, көргөзөйүн деп кызматына чын ыкласы менен берилет. Ыкшоо адамды улам кызыктырып, чөйрөсү мактап турушу керек.
6) Мээнеткеч тобекелге салат. Жалкоо тобелге кирүүдөн да коркот.
Өкүнүчтүүсү, кээде турмушту айтып болбойт. Эң мыкты деген пландарың ишке ашпай калышы мүмкүн. Мээнеткеч адам андай учурларды түшүнүп, бир кадам артка чегинип, эки кадам алдыга таштоонун жолун табат. Ал эми корконго кош көрүнөт дегендей алсыз адам ошол ордунда кала берет.
7) Мээнеткеч чыдамкай,сабырдуу болот. Ал өз максатына жетүү үчүн узак жол басат. Ал эми жалкоо баардыгы бат эле болуп калса дейт.
Бир акылмандын айтканы бар: «Талант – бул 1%, калганы 99% кажыбыс эмгек»
8) Мээнеткеч кайра кайтуудан кайра тартпай?
9) Мээнеткеч өзүнө ишенет жалкоо бөтөндөрдүн сөзүнө ишенет.
Аны аныкташ үчүн кичинекей тажрыйба жүргүздүк. Баардыгы төрт чарчыны тоголок деп айтууга макулдашып алышат. Бул туурасында катышуучулардын кээ бирлерине айтышпайт. Алардын сүйлөшүп алгандыгын билбегендер бир топ убакыттан кийин баардыгынын пикирине кошулуп төрт чарчыны тоголок дей башташат.
10) Мээнеткеч адам бийик кыялданып, максаттарына жетүү үчүн татыктуу жол көздөйт. Жалкоо майда иштер менен алектенет.
Тарыхта алгач көз жетпеген ийгиликтерди багыткан мисалдар толтура. Ошондуктан «көз коркок, кол батыр» деп айтылса керек. Ар бир адамда алгач каалоо болсо баардыгын багынтып,максат тилектерине жете алат.

Бөлүшүү:
Next Post

Өмүрбек Бабанов Жорго салыш федерациясынын президенти болду

Экс-премьер-министр Өмүрбек Бабанов Жорго салыш федерациясынын президенти болду. Бул тууралуу аталган федерациядан билдиришти. Маалыматка ылайык, республикалык Жорго салыш федерациясынын башкармалыгынын кезексиз жыйыны өтүп, анда ишкер Бабанов президент болуп шайланган. Ал 2011-2012-жылдары премьер-министр, кийин Жогорку Кеңештин депутаты болгон. 2017-жылкы президенттик шайлоодо экинчи орунду ээлеген. Бөлүшүү:

Сизге жагышы мүмкүн