Бүгүн Бишкекте кыргыз-орус өкмөттөр аралык комиссиясынын кезектеги жыйыны өтөт

Автор

Бүгүн  Бишкек шаарында Соода-экономикалык, илимий-техникалык жана гуманитардык кызматташуу боюнча кыргыз-орус өкмөттөр аралык комиссиясынын 24-жыйыны өтөт.

Жыйындын жүрүшүндө тараптар өз ара кызыкчылык туудурган ар башка чөйрөлөрдө эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүүнүн учурдагы абалына жана мындан аркы перспективаларына тиешелүү маселелердин кеңири чөйрөсүн талкуулоону пландаштырууда.

Жолугушуунун жыйынтыгында бир катар документтерге кол коюлаары пландалууда.

Жыйынга катышуу үчүн Кыргыз Республикасына иш сапары менен Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн Төрагасынын орун басары Алексей Оверчук келди.

Белгилей кетсек, комиссиянын теңтөрагалары болуп Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров жана Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн Төрагасынын орун басары Алексей Оверчук эсептелет.

Бөлүшүү:
Next Post

Вакцина өнөкөт ооруларды пайда кылды

Германияда коронвирус же, ушул сыяктуу оорулардын алдын алуу боюнча вакцина алгандардан 214 миң киши өнөкөт ооруларга чалдыгышты. Мындай жыйынтык, медициналык текшерүүдөн өткөндөн кийин белгилүү болду. Эми Немис өкмөтү ваксинадан улам ооруга чалдыккан жарандарына компенсация төлөйт. Ал эми вакцинаны жасаган түрк дарыгер Угур Шахин жоопкерчиликке тартылбайт. Анткени ал, немис өкмөтү менен […]

Сизге жагышы мүмкүн