Бүгүн Бишкекте кайрымдуулук жарманкеси өтөт

Автор

Бүгүн Бишкекте кайрымдуулук жарманкеси өтөт. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.

Нооруз майрамына арналган салттуу кайрымдуулук дипломатиялык жарманке бүгүн, 16-мартта саат 13:00дөн 19:00гө чейин Курманжан Датканын эстелигинин алдындагы аллеяда өтмөкчү.

Жарманкеде дүйнөнүн булуң-бурчунан келген уникалдуу буюмдар жана сувенирлер, жарманке учурунда сатып алууга боло турган улуттук даамдар жана суусундуктар коюлат.

Жарманкени Тышкы иштер министрлиги Бишкек мэриясы менен биргеликте чет өлкөлүк дипломатиялык өкүлчүлүктөрдүн катышуусунда уюштурууда.

Иш-чарадан түшкөн каражат кайрымдуулукка жумшалат.

Бөлүшүү:
Next Post

Балбак балп этти: "Депутат элди урбашы керек, эл депутатты урушу керек"

Жогорку Кеңештин депутаты Балбак Түлөбаев кесиптеши Жаныбек Абировдун окуясы боюнча пикирин билдирип, “депутат элди урбашы керек, эл депутатты урушу керек”, – деп жооп берди. Балбак Түлөбаевдин пикиринде кимдир бирөө депутатты сабаса, депутат үнүн чыгарбай туруп бериши керек. Бөлүшүү:

Сизге жагышы мүмкүн