Азия оюндары: Назым Нурланов  коло байге утту

Автор

Кыргызстандык спортчу Назым Нурланов Кытайдын Ханчжоу шаарында өтүп жаткан XIX жайкы Азия оюндарынын алкагында карате-до боюнча 75 кг салмак даражасында коло байгеге ээ болду. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаменти  билдирди.

Маалыматка ылайык, Назим Нурланов алгач Комбоджиялык атаандашын 3:0 эсебинде жеңген. Ал эми экинчи беттешинде Казакстандык спортчуга жеңилип, бирок атаандашы финалга чыккандыктан Непалдык спортчу менен жубатуучу беттешке чыгып 2:0 эсебинде жеңип алды.

Ал эми коло байге үчүн күрөштө Малайзиялык атаандашын 8:0 эсебинде мөөнөтүнөн мурда жеңип, 3-орунду ээледи.

Эскерте кетсек, ушул күндөрү Кытайдын Ханчжоу шаарында 45 өлкөнүн катышуусунда XIX жайкы Азия оюндары өтүп жатат. Оюндарга Кыргызстандан 160 спортчу спорттун 23 түрү боюнча катышууда. 24-сентябрда башталган спорттук иш-чара 8-октябрга чейин уланмакчы.

Бөлүшүү:
Next Post

Кыргыз-казак чек арасында жүк ташуучу унаа топтолду

Кыргыз-казак мамлекеттик чек арасындагы «Ак-Тилек» жана «Кен-Булуң» өткөрмө бекеттеринде унаалардын топтолуусу байкалууда. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматынан билдиришти Маалыматка ылайык, «Кең-Булуң» постунун алдында 121, ал эми «Ак-Тилек» постунун алдында 395 унаа кезекте турат. «Жүк ташуучу унаалардын топтолушу Кыргызстандан башка өлкөлөргө айыл чарба продукциясын экспорттоонун сезондук өсүшү менен байланыштуу болууда», […]

Сизге жагышы мүмкүн