Мбаппе 2023-жылдын эң мыкты чабуулчусу аталды

Автор

«ПСЖ» футбол клубунун француз чабуулчусу Килиан Мбаппе  өзүнүн 49-голун киргизип, дүйнөнүн эң мыкты чабуулчулардын тизмесинде Криштиану Роналдуну басып өттү.

49 гол менен Килиан Мбаппе 2023-жылдагы дүйнөлүк рейтингде ПСЖ жана Франция курама командасы үчүн гол киргизип, экинчи орунга көтөрүлдү. 24 жаштагы футболчу бул жарышта азыр 48 голу бар португалиялык Криштиану Роналдудан ашып өттү.

Кошумчалай кетсек, Килиан үчүн бул гол Франция чемпионатындагы 15-гол болду. Ал эми Лига 1 бомбардирлеринин тизмесинде лидерлигин бекемдеди.

2023-жылдагы голдор боюнча лидер Манчестер Сити жана Норвегия курама командасынын оюнчусу Эрлинг Холанд (50). Норвегиялык футболчу ар биринде 49 голу бар өзүнүн артынан кууган Гарри Кейн менен Килиан Мбаппеден алдыда.

Бөлүшүү:
Next Post

Акылбек Жапаров, Министрлер кабинетинин төрагасы: "Куранда деле кирешеңин кырктан бир бөлүгүнөн зекет бер деп жатпайбы?"

Маек ордуна: Кечээ, 4-декабрда «Билимдүү Кыргызстан» улуттук демилгеси өлкөбүздүн билим берүү тармагындагы реформалар боюнча жолугушуу өткөрүп, ага Акылбек Жапаров  өзү катышты. Журналисттер кыска болсо да, ишкерлер чөйрөсүндөгү акыркы абал боюнча пикирин сурап калууга жетиштик. – Акылбек Үсөнбекович, ККМ аппараты боюнча соода жайларында жана чоң базарларда элдер нааразычылык акциясына чыгып жатышат. […]

Сизге жагышы мүмкүн