«Асман» шаарынын курулушу качан башталары белгилүү болду

Автор

Президенттин иш башкармалыгынын жетекчиси Каныбек Туманбаев «Вечерний Бишкек» басылмасынын суроолоруна жооп берип, «Асман» шаарынын курулушу быйыл май айында башталарын айтты.
«Документ иштерине байланыштуу суроолор тынымсыз жүрдү. Инвесторлор тарабынан техника-экономикалык негиздемени кайра иштеп чыгуу боюнча сунуштар болгон, андыктан азыр бул багытта иш жүрүп жатат, акыркы баскычта. «Асман» шаарынын курулушу май айында башталат. Мамлекет башчы капсула салган бир дагы долбоор токтогон эмес. Айрым долбоорлорду ишке ашыруу аяктаары менен башка долбоорлор дароо башталат. Бишкекте 40 миң кишилик стадион курула баштады. Бул үчүн бир миллиард сом бөлүнгөн. Жакында «Барселона» футбол академиясынын шаарчасы жана стадиондун курулушу башталат. Бардык иштер бүткөрүлөт» , — деди Каныбек Туманбаев.

Бөлүшүү:
Next Post

Кыргызстанда 3 баллга жеткен жер титирөө катталды

Кыргызстандын аймагында очогунда күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталды. Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, жер титирөө 28-февралда саат 19:15те орун алып, очогу Предтеченка айылынан 2 чакырым түштүктө, Кара-Балта шаарынан 22 чакырым түндүк чыгышта, Бишкек шаарынан 45 чакырым түндүк батышта жайгашкан. Жердин силкинүүсүү Чүй облусунун Москва районунун Предтеченка, Сретенка, Кош-Дөбө жана […]

Сизге жагышы мүмкүн