ЖК комитети тууну өзгөртүү боюнча мыйзам долбоорун колдоду

Автор

Бүгүн, 28-ноябрда Кыргызстандын мамлекеттик туусун өзгөртүү боюнча мыйзам долбоорун Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот укук маселелер боюнча комитети жактырып, ЖКнын жалпы кароосуна жиберди.

Жыйында мыйзам долбоорунун демилгечилеринин бири, депутат Улан Примов баяндама жасап, мыйзам долбоору тууну жакшыртууга багытталгандыгын белгиледи.

Анын авторлору – парламент төрагасы Нурланбек Шакиев жана депутат Улан Примов.

Эске салсак, Жогорку Кеңештин сайтына мамлекеттик символдор жөнүндөгү мыйзамды өзгөртүү тууралуу долбоор коомдук талкууга коюлган.

Бөлүшүү:
Next Post

Аэропортто жүргүнчүлөрдү биометрикалык каттоо киргизилет

Астана аэропортунда жүргүнчүлөрдү биометрикалык каттоо тесттик режимде ишке киргизилет. Бул ыкма жүргүнчүлөргө рейске каттоодо бардык керектүү операцияларды, анын ичинде документтерди толтуруу жана басып чыгаруу, ошондой эле паспортунун электрондук версиясын колдонуу менен өз алдынча аткарууга мүмкүндүк берет. Программанын тесттик режими 27-ноябрдан 30-ноябрга чейин жүргүзүлөт. Бөлүшүү:

Сизге жагышы мүмкүн