Былтыр түрмөлөрдө 33 киши көз жумду

Автор

Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын төрагасы Аскат Эгембердиевдин айтымында, 2023-жылы түрмөлөрдө жалпысынан 33 киши көз жумган. Алардын ичинде 5 киши өздөрүн асып алышкан. “Алар ар кандай ооруларынан улам көз жумушту. Биз саламаттык сактоо министрлиги менен учурда тыгыз иш алып баруудабыз. Бирок, бул көрсөткүч мурдагы жылдарга салыштырмалуу өтө аз”,- деди мекеменин төрагасы.
Европа мамлекеттеринде жылына 100 дөн ашык адам каза болсо, алардын жарымы суицидге барышат. Бизде абал нормалдуу экендиги айтылды.

Бөлүшүү:
Next Post

Мирлан Самыйкожо башкы прокурорду мактады

Жогорку Кеңештин депутаты анын ишиндеги жетишкендиктерин, мыйзамсыздык менен күрөшүүдөгү аракетин баалап, айрыкча, маданияттын өкүлдөрүнө колдоо жүргүзүп жатканын белгиледи. “Сизге рахмат, акын, жазуучуларды, манасчыларды, төкмөлөрдү кыскасы, маданияттын өкүлдөрүнө жардам берип келатасыз. Көк бөрүнү да, өзүнчө жүргүзүп жатканыңызга ыраазычылык билдирип коёлу. Сиз нагыз кыргызга күйгөн, намыстуу киши экенсиз”,-деди депутат. Бөлүшүү:

Сизге жагышы мүмкүн