GoBus автобустары Ысык-Көлгө түнү да каттайт

Автор

GoBus автобустары күзгү графикке өтүүдө. Эми каттамдар көбөйө турганын Туризмди өнүктүрүүнү колдоо фондунан билдиришти.

Ведомствонун билдирүүсүнө караганда, 16-сентябрдан тарта Бишкек-Каракол багытындагы GoBus автобустары мурдагыдай саат 08:00дө эмес, саат 10:00дө жөнөйт.

Ошол эле учурда автобус Каракол шаарынан каттайт. Бишкекке да саат 10:00дө каттайт.

GoBus компаниясынын негизги жаңылыктарынын бири бул Ысык-Көлгө түнкү каттамдардын ачылышы. GoBus автобустары Бишкектен саат 23:30да чыгып, Каракол шаарына эмес, андан ары Теплоключенка айылына барат. Теплоключенкадан Бишкекти көздөй дагы саат 23:30да каттайт.

Бөлүшүү:
Next Post

Лионель Мессинин өзгөчөлүгү айтылды

“Интер Майами” клубунун башкы машыктыруучусу Жерардо Мартино  аргентиналык чабуулчу Лионель Мессинин мүнөзү тууралуу ой бөлүштү. “Месси “Нэшвилл” клубу менен голсуз тең чыккандан кийин абдан  капа болду. Мен ага: “Эс ал, биз ар бир оюнда жеңе албайбыз” деп айттым. Биз тең чыгууга мүмкүнчүлүгүбүз жок, бирок өсүү жолдорун издешибиз керек.” Месси оюнда […]

Сизге жагышы мүмкүн