Сауд Арабия 100 миллион доллар берет

Автор

Кыргыз өкмөтү Сауд Арабиядан 1.5 пайыз менен 100 млн доллар грант алат. Бул тууралуу бүгүн, 15-мартта Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коопсуздук жана коргонуу боюнча комитети өзгөчө жыйын куруп, ушул маселени карады. Сауд Арабиядан алынган каражатка жакында көчүрүлгөн N:-47 абактын ордуна 3 миңге жакын үй курулат.  15-марттагы Жогорку Кеңештин пленардык жыйынында комитеттин төрага орун басары Айбек Осмонов мүчөлөрүн 1 саатка өзгөчө жыйынга чакырган.

Макулдашуунун алкагында “Кыргыз Республикасында турак жайды каржылоо” долбоорун каржылоо үчүн Сауд өнүктүрүү фонду 375 млн Сауд Арабия риалы өлчөмүндө кредитти болжол менен 100 млн АКШ долларын 25 жылга анын ичинде 5 жылдык женилдетилген мезгили менен берүүдө.

Бөлүшүү:
Next Post

Нооруз – 2023: Көк бөрү оюну боюнча экинчи күндүн жыйынтыгы

Бишкек шаарынын Аккула ат майданында  Нооруз – 2023 элдик майрамына арналган ат оюндарынын алкагында көк бөрү боюнча мелдештин экинчи күнү жыйынтыкталды. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаменти билдирди. Маалыматка ылайык, оюн талаасында жогорку лига жана 40 жаштан өйдө курама командалары беттешти.   Экинчи күндүн жыйынтыгы:   “Теңир-Тоо” жана “Сары-Өзөн […]

Сизге жагышы мүмкүн