Быйыл билим берүүгө кеткен чыгымдар 65,7 млрд сомду түзөт

Автор

2024-жылы билим берүүгө кеткен чыгымдар 65,7 млрд сомду түзөт. Бул тууралуу Финансы министрлиги билдирет.
Маалыматка ылайык, өлкөдө студенттердин саны көбөйгөндүктөн, билим берүү чыгымдары жыл сайын көбөйүп жатат. Ошондой эле педагогикалык жана билим берүү системасынын айрым категорияларынын кызматкерлеринин эмгек акысы кыйла жогорулады.
Чыгымдардын артыкчылыктуу багыттары болуп билим берүү системасын санариптештирүү, окуу китептери менен камсыздоо, ошондой эле билим берүүнүн сапаты саналат.
Мектепке чейинки билим берүүгө, орто билимге, жогорку билимге, кошумча билим берүүгө, квалификацияны жогорулатууга, балдар менен мектептен тышкаркы иштер боюнча мекемелерге/иш-чараларга, балдар үйлөрүнө, музыкалык мектептерге, балдардын атайын окуу мекемелерине, балдардын ден соолугун чыңдоочу уюмдарга, билим берүү жаатындагы илимий изилдөөлөргө чыгымдар жыл сайын өсүүдө.

Бөлүшүү:
Next Post

Кайра шайлоо: Талапкердин саны алтыга жетти

№2 Баткен шайлоо округунан Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер болууга арыз бергендерди саны төрткө жетти. Борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматына караганда, Кыргызстандын чек ара коомунун жетекчиси Алимберди Бегматов, «Геопарк Мадыген» коомдук фондунун жетекчиси Кенеш Салихов, «Комфорт Хаус» компаниясынын директору Бактыяр Калпаев, коомдук ишмер Максатбек Дыйканов депутатыкка талапкер болуу үчүн арыз берди. Ал […]

Сизге жагышы мүмкүн