Кайра шайлоо: Талапкердин саны алтыга жетти

Автор

№2 Баткен шайлоо округунан Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер болууга арыз бергендерди саны төрткө жетти.
Борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматына караганда, Кыргызстандын чек ара коомунун жетекчиси Алимберди Бегматов, «Геопарк Мадыген» коомдук фондунун жетекчиси Кенеш Салихов, «Комфорт Хаус» компаниясынын директору Бактыяр Калпаев, коомдук ишмер Максатбек Дыйканов депутатыкка талапкер болуу үчүн арыз берди.
Ал эми №9 Кара-Суу шайлоо округу боюнча азырынча эки жаран депутат болууга талапкерлигин көрсөткөн, алар — пенсионер Бакир Бакытбек, ишкер Ганишер Бадалов.
Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо 28-апрелге дайындалган. Депутаттыкка талапкерлерди көрсөтүү 26-мартта аяктайт.
Эске салсак, Борбордук шайлоо комиссиясы 22-февралдагы отурумунда Жогорку Кеңештин депутаттары Искендер Матраимов жана Нурлан Ражабалиевдин депутаттык ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтоткон.

Бөлүшүү:
Next Post

Көлбаевдин тобун каржылаган орусиялык ишкерге издөө жарыялады

Камчы Асанбектин (Көлбаев) уюшкан кылмыштуу тобун каржылаган орусиялык ишкер, “Капитал Групп” компаниясынын ээси Тё Павел Владимировичке издөө жарыяланды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) басма сөз кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, УКМК тарабынан кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легализациялоо (адалдоо) фактысы боюнча катталган сотко чейинки өндүрүштүн материалдары боюнча ыкчам-тергөө […]

Сизге жагышы мүмкүн