Быйыл бардык курулуштар бүткөрүлөт

Автор

Үстүбүздөгү жылдын аягына чейин 204 мектеп салынып бүтөт. Мындан сырткары 49 балдар бакчасы, 18 медициналык мекемелер жана 30га жакын маданий объектилердин курулушу соңуна чыгат. Булардын баарына 9 млрд сом каражат жумшалат. Ал эми транспорт министрлиги үчүн сатып алына турган атайын техникалар үчүн 4.9 млрд сом каражат керектелет. Мындай маалыматты министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров билдирди.

Белгилей кетүүчү жагдай, бул курулуштар 50 пайыз бүткөрүлүп, көп жылдан бери каражат бөлүнбөй же, башка бир себептерге байланыштуу токтоп калган имараттар.

Бөлүшүү:
Next Post

Түркияда курулуш иштери башталды

  Түркияда ири өлчөмдөгү турак-жай курулушу башталды. Жылына 11 облуста 46 миңден ашык үй куруу пландалууда. Курчап турган чөйрөнү коргоо, шаар куруу жана климаттын өзгөрүшү министри Мурат Курум кыйраткыч жер титирөөдөн жабыркаган аймактарда курулуш иштери башталганын билдирди. Биринчи этапта 17 миңден ашуун үй курулса, анын 7 миңден ашыгы Кахраманмарашта болот. […]

Сизге жагышы мүмкүн