БУУ: Газа тилкесинен 264 миң тургун үйлөрүнөн кетти

Автор

Израиль менен ХАМАСтын ортосундагы жаңжал башталгандан бери Газа тилкесинде жашаган 264 миң палестиналык үйлөрүн таштап кетүүгө аргасыз болушту. Бул тууралуу БУУнун гуманитардык маселелерди координациялоо боюнча кеңсесинин маалыматында айтылат.
Үйлөрүн таштап кеткен 264 миң кишинин 175 миң 486дан ашыгы палестиналык качкындарга жардам берүү үчүн БУУнун Жакынкы Чыгыш агенттигинин атайын мекемелеринде баш калкалоодо.

 

Бөлүшүү:
Next Post

Израилден кыргызстандыктарды алып чыгуу жолдору каралууда

Израилдеги үч кыргызстандык бул өлкөдөн чыгып кетүү ниетин билдирди. Бул тууралуу Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинен кабарлашты. Кыргызстандын Израилдеги элчилигинин (резиденциясы Түркиянын Анкара шаарында жайгашкан) 10-октябрь, саат 20:00гө карата маалыматы боюнча, Израилдеги кырдаалдын курчушунун натыйжасында жабыр тарткандардын арасында кыргызстандыктар жок. Элчилик бул өлкөдө жашаган Кыргызстандын жарандарын аймактан чыгып кетүүгө каалоосу барлардын […]

Сизге жагышы мүмкүн