Атактуу өзөктүк бункер ачылды

Автор

Данияда биринчи жолу туристтер үчүн Кансыз согуштан калган атактуу “Реган Вэст” өзөктүк бункери ачылды. Түндүк Ютландияда жайгашкан бункер болжол менен 350 кишиге ылайыкталган. Анын курулушу 60-жылдардын башында башталып, 1969-жылы аяктаган.
Ядролук согуш болгон учурда баш калкалоочу жай Даниянын өкмөтү үчүн даярдалган. Бактыга жараша, жайлар эч качан өз максатына ылайык пайдаланылган жок жана 2003-жылы колдонуудан чыгарылган. Жайгашкан жери 2012-жылы жашыруун сырдан чыгып, он жылдан кийин Даниянын бийлиги аны музейге айландырган.

Бөлүшүү:
Next Post

Поезддердин кагылышынан 43 адам көз жумду

Грециянын түндүгүндө жүргүнчүлөр менен жүк ташуучу поезддин кагылышынан 43 адам көз жумду. Грециянын өрткө каршы кызматынын маалыматы боюнча, кагылышуудан кийин 72 адам ооруканага жаткырылды, алардын 15и шаршемби күнү кечинде ооруканадан чыгарылды. “Hellenic Train” поезддерде жалпысынан 354 киши болгонун билдирди.  Жүргүнчүлөрдү ташуучу поездде бригаданын 12 мүчөсү жана 342 жүргүнчү болгон, жүк […]

Сизге жагышы мүмкүн