Израилден кыргызстандыктарды алып чыгуу жолдору каралууда

Автор

Израилдеги үч кыргызстандык бул өлкөдөн чыгып кетүү ниетин билдирди. Бул тууралуу Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинен кабарлашты.

Кыргызстандын Израилдеги элчилигинин (резиденциясы Түркиянын Анкара шаарында жайгашкан) 10-октябрь, саат 20:00гө карата маалыматы боюнча, Израилдеги кырдаалдын курчушунун натыйжасында жабыр тарткандардын арасында кыргызстандыктар жок.

Элчилик бул өлкөдө жашаган Кыргызстандын жарандарын аймактан чыгып кетүүгө каалоосу барлардын тизмесин түзүп жатат, учурда тизмеде 65 жаран бар.

«Колдо болгон маалыматтарга ылайык, Кыргызстандын үч жараны Израилден чыгып кетүү ниетин билдирип, учурда аларды өлкөнүн чегинен тышкары алып чыгуу мүмкүнчүлүгү иликтенип жатат. Күнү-түнү ыкчам байланышуу максатында социалдык тармактарда жана мессенджерлерде маалыматтар таратылууда», — деп айтылат билдирүүдө.

Кыргызстандын Израилдеги элчилиги мекендештерди аскердик кагылышуу болуп жаткан чек ара аймактарына барбоону суранат.

Зарыл болгон учурда кошумча ишеним телефондорунун номерлери (күнү-түнү): +90 5456896800 (Элчиликтин номери), +972 533214916 (Кыргыз Республикасынын Израилдеги Ардактуу консулу).

Бөлүшүү:
Next Post

Улуттук банк каржы пирамидаларынан сак болууга чакырат

Улуттук банк жарандарды каржы пирамидаларынан сак болгула чакырат. Финансылык жөнгө салуу органынан билдиришкендей, финансылык пирамида – бул акча салымдын жогорку пайыздык үстөк убадасы менен көп сандагы жарандардын акча каражаттарын тартуу аркылуу жеке адамдарды байытуунун алдамчылык жолу. Улуттук банк жарандарды каржы пирамидаларына ишенбөөнү сунуштап, жарандарды финансылык пирамидалардын тобокелдиктери тууралуу эскертүү үчүн […]

Сизге жагышы мүмкүн