БУУнун соту Украинанын Россияга каршы доо арызына 30дан ашык өлкөгө кошулууга уруксат берди

Автор

Гаагадагы Эл аралык сот геноцид боюнча конвенция боюнча Украинанын Россияга каршы доо арызына кошулууга 33 өлкөгө уруксат берди.
Соттун сайтындагы билдирүүгө ылайык, ишке катышуу үчүн арыздар АКШ, Канада, Франция, Германия, Италия, Польша, Улуу Британия жана башкалар тарабынан берилген.
Украина атайын операция башталгандан бир нече күн өткөндөн кийин, 2022-жылдын 27-февралында Гаагадагы Эл аралык Сотко кайрылган. Киев Москваны жоопко тартууну талап кылып, согуштук аракеттерди токтотууга үндөдү.
Бул процессте орус тараптын юридикалык өкүлчүлүгү болгон эмес.
Россиянын тышкы иштер министри Сергей Лавровдун пикиринде, Батыш эл аралык адилеттүүлүктүн нормаларын кыянаттык менен пайдаланып жатат.

Бөлүшүү:
Next Post

Жапаров июнь окуясынын 13 жылдыгына карата кайрылуу жасады

Президент Садыр Жапаров июнь окуясынын 13 жылдыгына карата кайрылуу жасады. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан билдиришти.   Төмөндө мамлекет башчысынын кайрылуусу:   «Урматтуу мекендештер!   Быйыл каргашалуу июнь окуясына туура 13 жылдын жүзү болду. Арадан бир топ жыл өтсө дагы, бул кандуу калабаны, анын кесепетинен каза тапкан жүздөгөн мекендештерибизди […]

Сизге жагышы мүмкүн