Украинаны Россия менен сүйлөшүүгө мажбурлаганга аракет кылып жатканы айтылды

Автор

“Башка өлкөлөр Украинаны Россия менен алардын шарттарында сүйлөшүүгө мажбурлаганга аракет кылып жатышат. Бирок Киев муну жасабайт”,-деп билдирди Улуттук коопсуздук жана коргонуу кеңешинин катчысы Алексей Данилов.
«Азыр бул боюнча абдан чоң кампания башталды. Ар кайсы өлкөлөрдөн көптөгөн сунуштар келип жатат»,-деди ал.
Ошол эле маалда Данилов Украина өз шарттары менен гана сүйлөшүүгө барарын, бул боюнча чечимди өлкөнүн президенти Владимир Зеленский кабыл аларын убада кылды.

Бөлүшүү:
Next Post

 ЖКнын басма сөз кызматынын жетекчиси алмашты

Жогорку Кеңештин Коомчулук жана ЖМК менен иштөө бөлүмүнүн башчысы болуп Жайыл Русланов дайындалды. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы кабарлады.   Маалыматка ылайык, Жогорку Кеңештин Аппаратынын Коомчулук жана ЖМК менен иштөө бөлүмүнүн башчысы Эркинбек Каимов өз каалоосу менен кызматтан кеткендигине байланыштуу анын ордуна Русланов Жайыл Русланович дайындалды.   Жайыл Русланов […]

Сизге жагышы мүмкүн