Париж-2024: Олимпиадада орусиялыктардын коопсуздугун камсыз кылуу айтылды

Автор

Эл аралык Олимпиада комитети орусиялыктарга 2024-жылкы Олимпиадага катышууга уруксат бергенден кийин спортчулардын коопсуздугу маселеси биринчи планга чыкты. Бул тууралуу Орусия Олимпиада комитетинин президенти Станислав Поздняков билдирди.
Ал «Орусиянын Тышкы иштер министрлиги өз баалоосунда мындай кырдаалда коопсуздук маселеси абдан маанилүү экенин айтууда», – деп жазган ТАСС. Орусиянын Олимпиада комитетинин президентинин айтымында, бул тууралуу Спорт министрлигинин коллегиясында да сөз болгон.
Ошол эле учурда Поздянков жалпысынан Орусияга жана өзгөчө анын департаментине каршы санкциялар боюнча кырдаал Улуттук спорт федерацияларына да спортчулардын коопсуздугун камсыздоо маселелерин толук чечүүгө мүмкүндүк бербей турганын эскертти.
Жайкы Олимпиада оюндары 2024-жылдын 26-июлунан 11-августуна чейин Парижде жана Франциянын башка бир катар шаарларында өтөт. Оюндарга 11 миңдей спортчу катышат. Сегиз орусиялык спортчу Олимпиадага жолдомо алышты.

Бөлүшүү:
Next Post

Тоолуу аймактарында кар көчкү түшүүсү мүмкүн

Өлкөнүн тоолуу аймактарында кар көчкү түшүүсү күтүлөт. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, 14-декабрдан 15-декабрга чейин жаап өткөн жана күтүлүп жаткан кар жана жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Мырза-Аке – Кара-Кулжа – Алайкуу унаа жолунун 55-110-чакырымдарында, Каракол – Эңилчек унаа жолунун 45-48 жана 74-90-чакырымдарында (Чоң-Ашуу ашуусу) кар көчкү […]

Сизге жагышы мүмкүн