Самбо боюнча өлкө чемпионаты жыйынтыкталды

Автор

Бишкектеги Каба уулу Кожомкул атындагы спорт ордосунда спорттук жана күжүрмөн самбо боюнча эркектер жана кыз-келиндер арасында Кыргызстандын чемпионаты аяктады. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, мелдешке республиканын бардык аймактарынан келген спортчулар катышты. Жеңүүчүлөргө диплом жана медалдар тапшырылды
Катышуучулар төмөнкү салмак категорияларында күч сынашты:
Спорттук жана күжүрмөн самбо (кыз-келиндер арасында): 50, 54, 59, 65, 72, 80, +80 кг;
Спорттук жана күжүрмөн самбо самбо (эркектер арасында): 58, 64, 71,79, 88, 98, +98 кг.
Эскерте кетсек, самбо боюнча республикалык чемпионат Дене тарбия жана спорт департаментине караштуу Спорттун олимпиадалык эмес түрлөрү боюнча дирекция жана КР Самбо федерациясы тарабынан уюштурулду.

Бөлүшүү:
Next Post

Кыргызстанда жазгы аскерге чакыруу өнөктүгү башталат

Президент Садыр Жапаров жазгы аскердик кызматка чакыруу иштерин баштоо боюнча жарлыкка кол койду. Бул тууралуу “Токтом” маалыматтык-укуктук порталында маалымдалат. КР президентинин 2024-жылдын 20-февралындагы ПЖ N 34 Жарлыгына ылайык 2024-жылдын март-май айларында чакыруу күнүнө карата 18 жашка толгон, чакыруудан кийинкиге калтырылууга укуктары болбогон жарандар КР Куралдуу күчтөрүнө, башка аскердик түзүмдөрүнө жана […]

Сизге жагышы мүмкүн