Мыкты кожейке болуунун сырлары эмнеде?

Автор

Эркектер аялдын назик, сезимтал, жароокер болгонун жактырышат. Орой болбоңуз жанан көп даттана бербеңиз. Ошондуктан бул жөнүндө пайдалуу кеңештерди сунуш кылабыз.

Акылдуу болуңуз

Идеалдуу аял акылдуу болууга тийиш, бирок анысын жашыра билүү керек. Күйөөңүздү өзүңүздүн акылдуулугуңуз менен басынтпаңыз жана аңкоолугуңуз менен кыжырдантпаңыз.

Жаман адаттардан баш тартыңыз

Тамеки чекпеңиз, ичимдик ичпеңиз, мас аялдан өткөн жаман нерсе жок. Бул зыяндуу адаттар, албетте, сизди идеалдуу кылбайт. Анан да эч кайсы эркек өзүнүн аялынын, келечектеги балдарынын энесинин зыяндуу адаттарга ээ болушун каалабайт.

Эркектердин баары идеалдуу аялдары аларга идеалдуу балдарды төрөп беришин, аларды тарбиялашын каалашат. Андыктан, үй оокаттарын жасоодон, бала төрөп эне болуудан эч качан баш тартпаныз.

Бөлүшүү:
Next Post

Кыргызстандын ИДПсы тарыхый 1 трлн сомго жетүүсү күтүлүүдө

Ноябрдын аягына карата Кыргызстандын ички дүң продукциясынын (ИДП) көлөмү тарыхый 1 трлн сомго жетүүсү күтүлүүдө. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, 2023-жылдын январь-октябрь айларында Улуттук статистикалык комитетинин алдын ала баалоосу боюнча ички дүң продукциянын көлөмү 919,1 миллиард сомду түзүп, реалдуу өсүү темпи 104,5%ды түздү. Экономиканын тармактары боюнча […]

Сизге жагышы мүмкүн