Бишкек ЖЭБге 275 миң тонна көмүр жеткирилди

Автор

2023-2024-жылдардын күз-кыш мезгилине даярдык көрүү максатында Бишкек Жылуулук электр борборунда көмүр алуу процесси уланууда. Бул тууралуу Энергетика министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, бүгүнкү күндө мурда жетишилген макулдашууларга ылайык 40 вагон жергиликтүү Кара-Кече көмүрү ташылып келүүдө. Жалпысынан Кара-Кече разрезинен 600 миң тонна, Таш-Көмүрдөн 50 миң тонна көмүр жана Казакстандан 550 миң тонна көмүр сатып алууга келишимдер түзүлгөн.

Ошентип, бүгүнкү күндө ЖЭБдин кампаларында 187 миң тонна жергиликтүү көмүр жана 88 миң тонна импорттук көмүр бар.

Белгилей кетсек, алдыдагы күз кыш мезгилине ЖЭБге 1,200 млн тонна катуу отун керектелет. Көмүрдү жеткирүү график боюнча 2024-жылдын мартына чейин жүргүзүлөт.

Бөлүшүү:
Next Post

Түрк ишкери качырылды

Тажикстанда эмгектенген Эмсал Коч аттуу белгилүү түрк ишкерин кечээ 8 киши кармап, түрк тараптын учагына салып бергенин  таанымал активист Улан Исаков маалымдады. Ал фейзбук баракчасына “Тажик тараптан айрым журналисттер Бишкекте Орхан Инанды жок болуп кеткенде өйдө ылдый нерселерди жазды эле. Өздөрү деле күчкө салып түрк ишкерин баса калып учака чейин […]

Сизге жагышы мүмкүн