“Kloop” порталын жабуу боюнча соттук отурум жылдырылды

Автор

Бүгүн Октябрь райондук соту “Kloop” порталын жабуу боюнча соттук отурумду 25-январга жылдырды. Белгилүү болгондой, мындай арыз менен Бишкек шаардык прокуратурасы кайрылган.
Сотто аталган басылманын жактоочулары кайрадан жүргүзүлгөн лингво-психологиялык экспертизанын жыйынтыктары менен тааныша электигин билдиришти. Сот жактоочулардын талабын канааттандырды.
Бишкек шаардык прокуратурасы “Клоопту” жабуу боюнча Бишкек шаарынын прокурору Эмилбек Абдыманапов “Клооп азыркы бийликтин жүргүзгөн саясатын кескин сындап, мамлекеттик, муниципалдык ишканалардын өкүлдөрүнүн кадыр-баркын кетирүүнү көздөгөн терс мүнөздөгү маалыматтарды көп жарыялайт”,- деген.
Прокуратура мындай маалыматтар эл арасында терс маанай жаратып жатат деп эсептейт.

Бөлүшүү:
Next Post

Түркия алгачкы астронавтын учурду

Кечээ Түркиянын алгачкы астронавты Алпер Гезеравжы космоско учту. Ал Түркиянын куралдуу күчтөрүнүн учкучу болуп эмгектенген. Төрт кишиден турган экипаж Эл аралык космос станциясына SpaceX ракетасы аркылуу көктөргө көтөрүлүштү. “Алгачкы жолу космоско учуп жаткан түрк катары космостогу биринчи кадамымды Улуу атабыз Мустафа Кемал Ататүрктүн сөзү менен баштайм. Улуу жол башчыбыз “Келечек […]

Сизге жагышы мүмкүн