Депутаттын атасы кримчөйрөдөн баш тартты

Автор

Кылмыштуу чөйрөдө “Дед Хасан жана прокурор” деген каймана ат менен белгилүү делген 1964-жылы Лейлек районунда туулган Ажибаев Ильяскожо Рахманбедиевич аттуу жаран кармалып, УКМКга алып келинди. Профилактикалык иш – чаранын негизинде ага түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөндөн кийин ал элге кайрылуу жасап, крим чөйрөдөн баш тартканын билдирди. “Мурда мыйзам менен жашаган болсом мындан ары деле мыйзамдуулуктун негизинде гана жашайм. Мага тагылган каймана аттарымдан баш тартам”,- деген ал.

Аталган жаран Жогорку Кеңештин депутаты Чыңгыз Ажибаевдин атасы экендиги белгилүү болду. Өткөн жума Сүлүктү көмүр боюнча Азаттык радиосунун иликтөөсү жарыяланган. Анда салык төлөбөгөн ишканаларды УКМК текшерүүгө алгандан кийин “РИО Групп” ишканасы 48.275.171 сом салыкты казынага кайтарган. Ал депутат Чыңгыз Ажибаевдин атасына таандык ишкана болгон.

Бөлүшүү:
Next Post

Жеңиш Жоробековго эскертүү берилип, үч орун басары кызматтан бошотулду

Ош облустук ички иштер башкармалыгынын башчысы Жеңиш Жоробековго “кызматка толук эмес ылайыктыгы жөнүндө” эскертүү тартип жазасы берилип, үч орун басары кызматтан бошотулду. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин (ИИМ) басма сөз кызматы билдирет. Ведомствонун билдирүүсүнө караганда, социалдык тармактарда Ош облустук ички иштер башкармалыгынын жетекчилиги өз ара келишпестиктен мушташып жатат деген мааламат […]

Сизге жагышы мүмкүн