АФК кубогу: «Абдыш-Ата» аймактагы 1-орун үчүн канча киреше тапты?

Автор

Канттык «Абдыш-Ата» Кыргызстандын футбол боюнча АФК Кубогунун плей-офф баскычына чыга алган биринчи клуб болду.
Кыргызстандын учурдагы чемпиону Борбордук зона боюнча 1-орунду ээлеп, «Алтын-Асыр» (Түркмөнстан), Мерв (Түркмөнстан) жана Равшанды (Тажикстан) ишенимдүү артка калтырды. “Абдыш-Ата” плей-оффко чыгып, кийинки беттешин 2024-жылдын март айында өткөрөт.
АФКнын жобосуна ылайык, өз аймактарында 1-орунду ээлеген командалар акчалай сыйлыктарды алышат. Борбордук зонадагы 1-орун үчүн “Абдыш-Ата” 100 миң доллар алат.
Ал эми АФК кубогунун 2023-2024-жылкы сезондун жеңүүчүсү 1,5 миллион доллар, ал эми финалга чыкканы 750 миң доллар алат.

Бөлүшүү:
Next Post

Макрон: Украинанын келечеги күмөн

Европа менен АКШ Украинанын келечегинен күмөн санашат. Бул тууралуу президент Эммануэль Макрон билдирди. “Биз Европа өлкөлөрү шектене баштаганын сезип жатабыз”,-деди Макрон Украинадагы согуштук аракеттердин келечектеги өнүгүшүнө комментарий берип жатып. Ал Украинага мындан аркы жардам берүү маселеси 2024-жылы негизги маселелердин бири болорун баса белгиледи. Президент Украинанын жеңилүүсүнө жол берилбесин, анткени Европанын […]

Сизге жагышы мүмкүн