Бишкекте Түгөлбай Сыдыкбековдун эстелиги ачылды

Автор

Борбор калаада Кыргыз Республикасынын Баатыры, Кыргыз эл жазуучусу коомдук ишмер Түгөлбай Сыдыкбековдун эстелиги ачылды. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги кабарлады.

Эстеликтин ачылыш аземине Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик катчысы Сүйүнбек Касмамбетов, Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев, Министрлер Кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров, Жогорку Кеңештин депутаттары, маданият ишмерлери, калемгердин замандаштары, шакирттери, үй бүлөсү жана окурмандар катышты.

Министр Алтынбек Максутов эстеликтин орнотулушуна кеңири токтолуп, жазуучунун эстелигин жасоо 2015-жылы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин мурдагы депутаты Болот Шернияз менен “Түгөлбай-Ата” коомдук бирикмеси тарабынан демилгеленип, ар кандай жагдайлардан улам иш токтоп турганын, былтыр Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечими менен Түгөлбай Сыдыкбековдун 110 жылдык мааракеси жалпы улуттук деңгээлде өтүүчү юбилейлик иш-чаралардын тизмесине кирип, анын алкагында эстелик орнотулганын билдирди.

«Түгөлбай Сыдыкбеков атабыздын эстелиги өзүңүздөр байкагандай эле борборубуздун башкы көчөлөрүнүн бири Чүй проспектиси менен Эркиндик бульвары кесилишкен жерде, оң жана сол жагында Улуу Ата-Мекендик согуштун ардагерлеринин жанында орун алганы залкар инсаныбыздын улуулугун, мекенчилдигин дагы бир жолу тастыктап тургандай.

Ошондой эле залкар инсаныбыздын аты менен XX кылымдагы кыргыз маданияты көп жагынан байланышып, бири-бирин көтөрүп, бири-бирин тиреп тургансыйт»-деп белгилеп, иш-чаранын катышуучуларын эстеликтин ачылышы менен куттуктады.

Эске салсак, эстеликти орнотуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги тарабынан каржыланган.

Эстеликтин автору, айкелчи Азамат Абдрахманов

Архитектор: Нурсейит Мамбетказиев;

Долбоордун жетекчиси: Жанышбек Жамурзаев.

Бөлүшүү:
Next Post

Журналист Гүлжан Шерипбаева үй камагына чыкты

Журналист, Nazar news сайтынын ээси Гүлжан Шерипбаева үй камагына чыкты.  Бул тууралуу райондук соттун маалымат кызматы билдирди. Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунун 20-ноябрындагы чечими менен Шерипбаева 2024-жылдын 15-январына чейин үй камагына чыккан. Буга чейин Шерипбаева 48 саатка кармалганын жакындары билдиришкен. Кийин соттун чечими менен 1-декабарга чейин камалган. Шерипбаева өзүн […]

Сизге жагышы мүмкүн