Бишкекте “Сайма – 2023” кароо-сынак фестивалы жыйынтыкталды

Wp Pw
0 0
Read Time:51 Second

Бишкекте “Сайма – 2023” кароо-сынак фестивалы жыйынтыкталды. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, фестивалдын жабылуу аземине маданият министринин орун басары Айнура Аскарова катышты.

Министрдин орун басары фестивалдын уюштуруучуларын куттуктап, кыргыз элинин көөнөрбөс өнөрү болгон саймачылык өнөрдү өркүндөтүп жаткан “Кийиз дүйнө” коомдук фондунун өкүлдөрүнө ыраазычылык сөзүн айтты жана алдыңкы орундарды багындырган катышуучуларга сыйлыктарды тапшырды.

Бекитилген жобого ылайык, “Сайма – 2023” кароо-сынак фестивалына өлкөнүн бардык аймактарынан керме сайма сайганды билген каалоочулар катышты.

Кароо-сынак эки багытта – “Сайма чемпионаты – 2023”, “Мыкты белдемчи” сынагы болуп өткөрүлдү.

Анын ичинен катышуучулар жаш курагына жараша эки топко бөлүндү. 1-топко 17 жашка чейинки мектеп окуучулары кирсе, 2-топко 18 жаштан жогорку катышуучулар кирди.

17 жашка чейинки мектеп окуучулары арасында 1-орунга Алтынай Өмүркулова, 2-орунга Назира Барктбасова, Аяна Айтбаева, 3-орунга Айсанат Мунасбекова, Аяна Шаршенбаева татыды.

Мыкты белдемчи сынагында 1-орунду Айсулуу Абдрахманова, 2-орунду Нургүл Туркменова, 3-орунду Ибарат Амангелдиев ээледи.

Ал эми 18- жаштан жогорку катышуучулар арасындагы “Сайма чемпионаты – 2023” сынагында биринчи орунду Ибарат Амангелдиев багындырып, сынактын жеңүүчүсү аталды.

About Post Author

Wp Pw

Happy
Happy
0 %
Sad
Sad
0 %
Excited
Excited
0 %
Sleepy
Sleepy
0 %
Angry
Angry
0 %
Surprise
Surprise
0 %
Next Post

Ленин округу боюнча депутаттыкка талапкерлердин саны 17ге жетти

№ 26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоого талапкер Турсунбай Бакир уулу арыз берди. Ошентип жалпысынан   талапкерлердин саны 17ге жетти. Бул тууралуу БШКдан билдиришти. № 26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча депутаттыкка талапкерлерди көрсөтүү 27-апрелде аяктайт.   № 26 Ленин бир мандаттуу шайлоо […]