Эртең “Кыргыздар” тарыхый китебинин 40 томдугунун бет ачаары өтөт

Автор

“Кыргыздар” тарыхый китебинин 40 томдугу чыкты. Бул туурасында китептин түзүүчүлөрү кабарлады.
Тарыхый эмгектин бет ачары эртең, 21-декабрда саат 14:00дө Улуттук тарых музейинде коомчулуктун катышуусунда өтөт.
Аталган 40 томдукта байыркы замандан бүгүнкү күнгө чейинки кыргыз элинин тарыхы, салт-санаасы, санжыра, рухий маданияты жана башка көптөгөн тарыхый маалыматтар камтылган.
Китепти Кыргыз эл жазуучусу Кеңеш Жусупов жана жазуучу, саясат таануу илимдеринин доктору Каныбек Иманалиев түзүп чыккан.
Эске салсак, “Кыргыздар” 2010-жылы 14 томдук болуп жарыяланган. Андан кийин толукталып, 20 томго бириктирилип 2020-жылы кайрадан басылган.

Бөлүшүү:
Next Post

Өзгөн шаарын айланып өтүүчү жол курулат

Өзгөн шаарын айланып өтүүчү жол курулат. Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду. Айланма жол куруу зарылдыгы Бишкек-Ош жолунун Өзгөн шаары аркылуу өтүүчү тилкесинде жол кыймылынын көптүгүнөн улам келип чыкканы белгиленген. Кыргыз Республикасынын автомобиль жолдорунун тармагын өнүктүрүү, Өзгөн шаарынын участогундагы Бишкек – Ош авто жолунда жол кыймылын азайтуу, Кыргыз Республикасынын […]

Сизге жагышы мүмкүн