Бишкекте тергөөчү пара талап кылууга шектелип кармалды

Автор

Бишкекте пара алууга шектелип Биринчи май РИИБдин тергөө кызматынын тергөөчүсү кармалды. Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, ИИМдин ички тергөө кызматынын кызматкерлери УКМКнын Башкы тергөө башкармалыгынын кызматкерлери менен биргеликте 20 миң сом акча каражатын опузалап пара талап кылган деп шектелген жаранды кармоо боюнча ыкчам-тергөө иш-чараларын өткөрүштү.

«Ыкчам-тергөө иш-чараларын жүргүшүндө ИИМдин ички иликтөө кызматынын кызматкерлери, УКМКнын кызматкерлери менен биргеликте опузалоо фактысы боюнча шектүү делип, Биринчи май РИИБдин тергөө кызматынын А.Ж. аттуу тергөөчүсү УКМКнын Чүй облусу боюнча тергөө бөлүмүнө жеткирилди», — деп айтылат маалыматта.

 

Азыркы учурда бул кылмышка тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча тиешелүү ыкчам-издөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Бөлүшүү:
Next Post

Мигранттар которгон каражат 22.9 млрд долларды түзөт

Чет мамлекеттерде жашаган Кыргыз жарандарынын саны 3 миллионго жакын. Алар акыркы 10 жыл ичинде Кыргызстанга 22.9 млрд доллар каражат которушкан.   Мекендештерибиз эң көп кайсы өлкөлөрдө жашашат? Алардын саны канча?   Бул суроонун жообун атайын сиз үчүн издеп таптык.   Орусияда 1 млн 200 миң 691 жаран Кореяда 8.475 жаран […]

Сизге жагышы мүмкүн