Президент УКМК төрагасын кайтарууну күчөттү

Автор

Президент УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевди кайтарууну күчөткөнүн президенттин басма сөз катчысы билдирди.

“Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасынын аткарган милдеттерин эске алуу менен аны кайтаруу мурда эле күчөтүлгөн. Азыр андан да күчөтүлдү”, – деген Аскат Алагөзов.

Президенттин мындай чечими Камчыбек Ташиевдин кылмыштуу топторго каршы аёсуз күрөш жүргүзүп жатканы себеп болушу мүмкүн. Ал 4-ноябдан бери  уюшкан кылмуштуу топтор, коррупциялык схемаларга тиешеси бар бир нече адамдарды ар кандай жазага кириптер кылды. Бул күрөштүн негизинде кримтөбөл Камчы Көлбаев өлтүрүлүп, Раим Матраимов баштаган коррупционерлер өлкөнү таштап, качып кетишкен.

Бөлүшүү:
Next Post

Бүгүн өтүүчү маданият иш-чаралардын тизмеси

Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги 2023- жылдын 20 – ноябрында өтө турган иш- чаралардын тизмесин жарыялады:   Ч. Айтматов атындагы Мамлекеттик улуттук орус драма театрында саат 10:00 до Кыргыз Республикасынын эл артисти, Ч.Айтматов атындагы Мамлекеттик улуттук орус драма театрынын актрисасы Стрельцова Татьяна Дмитриевнаны акыркы сапарга узатуу […]

Сизге жагышы мүмкүн