Бишкектин жогорку жана кесиптик орто окуу жайларынын кызматкерлери арасында “Ден соолук – 2024” спартакиадасы өтөт. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаменти билдирет.
Мелдеш 12-27-февраль күндөрү К.И.Скрябин атындагы Улуттук агрардык университетинин спорттук базасында болот.
Спартакиадада спорттун 7 түрү боюнча оюндар өтөт:
Футзал;
Стритбол;
Тогуз коргоол;
Стол үстүндөгү теннис;
Волейбол;
Шахмат;
Ордо.