Килиан Мбаппе жөө күлүк Усэйн Болттун чакырыгын кабыл алды

Автор

“ПСЖ” клубунун жана Франциянын чабуулчусу Килиан Мбаппе жөө күлүк Усэйн Болттун жүз метрге чуркоо чакырыгын кабыл алды.
37 жаштагы Усэйн Болт Мадрид шаарында “Лауреус” сыйлыгын тапшыруу аземинде Мбаппе менен атаандашууну каалай турганын анын эң мыкты формасында экенин айтты.
“Менимче, бир күнү Мбаппе менен 100 метрге жарышып, жыйынтыгын көрүшүм керек”, – деди Олимпиаданын сегиз жолку чемпиону.
Килиан Мбаппе бул аралыкта дүйнөлүк рекордчу Усэйн Болт менен 100 метрге чуркашууга даяр экенин айтып, ямайкалыкты жеңүүгө эч кандай мүмкүнчүлүгү жок экенин моюнга алды.
“Бирок бул көңүл ачуу үчүн гана жасалышы керек, эгер экөөбүздүн тең убактыбыз болсо, бир күнү ушундай нерсени кылабыз”, – деп Мбаппенин сөзүн келтирет RMC Sport.
Эсептөө программасы Мбаппе ямайкалыкка “эң мыкты кезинде” бир секунддан ашык утулуп калаарын көрсөттү – 9,58ге каршы 10,90 (Болттун дүйнөлүк рекорду, 2009-жылы коюлган).
Эске салсак, Усэйн Болт сегиз дүйнөлүк рекорддун автору болуп калды. Болт учурда 100 метрге (9,58 секунд) жана 200 метрге (19,19 секунда), ошондой эле Ямайка курамасынын курамында 4×100 метрге эстафеталык жарышта дүйнөлүк рекорддорго ээ – 36,84 секунд. Ал катары менен үч Олимпиадада (Пекин-2008, Лондон-2012 жана Рио-де-Жанейро-2016) 100 жана 200 метрге спринт аралыкка чуркоодо жеңишке жетишкен жалгыз спортчу.

Бөлүшүү:
Next Post

8-майга карата аба ырайы

Кыргызгидромет билдиргендей, эртең 8-майда өлкө аймактарында жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы: Чүй өрөөнүндө түнкүсүн +12… + 17, күндүз + 25… +30, Талас облусунда түнкүсүн +9… + 14, күндүз +23… +28, Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +13… +18, күндүз +26… +31, Ысык-Көл жергесинде түнкүсүн +6… +11, күндүз +20… +25, Нарын облусунда түнкүсүн […]

Сизге жагышы мүмкүн