Бишкекте музейлер күнү белгиленет

Автор

18-майда Бишкекте музейлердин эл аралык күнү белгиленет.  Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, бул күнгө карата бир катар иш-чаралар уюштурулат.

 

Саат 09:00дөн 22:00гө чейин:

 

-Исхак Раззаковдун үй-музейи (Чуйков көч., 90),

 

-Сүймөнкул Чокморовдун музей-өнөрканасы (Токтогул көчөсү, 170),

 

Токтогул Сатылганов атындагы адабият музейинде (Токтогул көчөсү, 109) ачык эшиктер күнү өтөт.

 

Саат 15:00дөн 22:00гө чейин О.М.Мануйлованын мемориалдык үй-музейинде (Тыныстанова көч., 108) ылайдан портрет жасоо боюнча мастер-класстар уюштурулат.

 

Саат 15:00дөн 22:00гө чейин С.А.Чуйковдун мемориалдык үй-музейинде (Чуйков көч., 87а) сүрөтчү В.Ф.Руппел заманбап искусство боюнча жана Салкынай Адышева макраме, жип боюнча мастер-класстарды өткөрүшөт.

 

Ушул эле убакытта А.Токомбаевдин мемориалдык үй-музейинде (Чуйков көч.) жана Г.Айтиевдин музей-өнөрканасында (Тыныстанов көч., 78) иш-чаралар уюштурулат.

Бөлүшүү:
Next Post

Россия Борбор Азиянын студенттерине квоталарды көбөйтөт

Россия 2023-2024-окуу жылында Борбор Азия өлкөлөрүнөн келген студенттер үчүн квоталардын санын көбөйтө турганын Россиянын тышкы иштер министринин орун басары Михаил Галузин «Валдай» эл аралык дискуссиялык клубунун Борбордук Азия боюнча үчүнчү конференциясында билдирди. «2023-2024-окуу жылында биз Казакстандын жарандарын окутуу үчүн квотаны олуттуу көбөйтүп жатабыз – плюс 200 орун, Кыргызстан – дагы […]

Сизге жагышы мүмкүн