Эми кыргызстандыктардын бардыгы Ысык-Көлдүн пляждарына эркин кире алат

Автор

2022-жылдын 13-майындагы “Ысык-Көл облусунун калктуу конуштарынын тургундарынын пляж аймактарына кирүү укугун камсыз кылуу жөнүндө” Жарлыкка өзгөртүүлөр киргизилди

 

Президент Садыр Жапаров 2023-жылдын 9-августунда № 185 “КР президентинин 2022-жылдын 13-майындагы № 150 “Ысык-Көл облусунун калктуу конуштарынын тургундарынын пляж аймактарына кирүү укугун камсыз кылуу жөнүндө” Жарлыгына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Жарлыкка кол койду.

 

Жарлыкка Ысык-Көл көлүнүн пляж аймактарына эркин кирүүнү камсыз кылуу максатында кол коюлду.

 

Өзгөртүүлөрдө бардык жарандарга Ысык-Көлдүн пляждык зоналарына эркин кирүү мүмкүндүгү каралган.

 

Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Бөлүшүү:
Next Post

Кыргызстанда тоютту сыртка сатууга чектөө киргизилет

Айыл чарба министрлиги “Кыргыз Республикасынан айыл чарба товарларынын айрым түрлөрүн ташып чыгууга (экспорттоого) убактылуу тыюу салууну киргизүү жөнүндө” Министрлер Кабинетинин токтом долбоорун иштеп чыкты. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматынан кабарлашты. Долбоордо ички азык-түлүк рыногунда терс кесепеттерге жол бербөө максатында, айыл чарба продукциясынын айрым түрлөрүн экспорттоого тыюу салуу мөөнөтүн 2023-жылдын […]

Сизге жагышы мүмкүн