Бишкекте митингдерин өткөрүүгө тыюу салуу мөөнөтү узартылды

Автор

Бишкектин борборунда митингдерди өткөрүүгө тыюу салуу мөөнөтү дагы узартылды. Бул тууралуу Биринчи Май райондук сотунун басма сөз кызматы маалымдады.
Сот Биринчи май акимчилигинин «Тынч чогулуштарды өткөрүү жерлерин чектөө жөнүндө» токтомун мыйзамдуу деп табуу боюнча арызын канааттандырган. Ага ылайык, тынчтык акцияларын өткөрүүгө тыюу 30-июнга чейин узартылды.
Бишкектин «Ала-Тоо» аянтында, Эркиндик бульварынын Линейная көчөсүнөн Чүй проспектисине чейинки бөлүгүндө, ошондой эле Жогорку Кеңештин имаратынын жана ага чектеш Панфилов сейил багынын, Президенттин администрациясынын жанында, Таттыбүбү Турсунбаева аянтынын, Жогорку Соттун, Орусия элчилигинин, УКМКнын, Ички иштер министрлигинин имаратынын алдында митинг өткөрүүгө тыюу салынган.

Бөлүшүү:
Next Post

Президент Кадыр түндүн урматына 356 адамга ырайым кылды

Түркмөнстандын президенти Сердар Бердымухамедов Кадыр түндүн урматына 356 туткунга ырайым кылды. Тийиштүү жарлыкка мамлекет башчы кол койду. Мамлекеттик коопсуздук кеңешинин катчысы бул ишти укук коргоо органдары менен бирдикте жүргүзмөкчү. Шаардык жана райондук администрациялардын башчыларына кечирилген түркмөн жарандарын жумушка орноштуруу боюнча чараларды көрүү тапшырылды. Президент Сердар Бердымухамедов жакында абактан чыга турган […]

Сизге жагышы мүмкүн