Бишкекте КМШ Парламенттер аралык Ассамблеясынын күзгү сессиясы өтөт

Автор

Бишкек шаарында 16-17-ноябрында көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигине (КМШ) катышкан мамлекеттердин Парламенттер аралык Ассамблеясынын күзгү сессиясынын иш-чаралары өтөт. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Шериктештикке кирген өлкөлөрдүн Парламент башчылары сессиянын биринчи күнүндө КМШ ПАА кеңешинин жыйынын өткөрөт.

16-ноябрда түштөн кийин КМШ Жаштар парламенттер аралык ассамблеясынын жана КМШ ПААнын Саясий маселелер жана эл аралык кызматташтык, Социалдык саясат жана адам укуктары боюнча туруктуу комиссияларынын отурумдары өтөт.

Ошондой эле бул күнү шериктештикке кирген өлкөлөрдүн парламентарийлери Кыргызстандын Жогорку Кеңешинин 85 жылдыгына арналган эл аралык конференцияга катышат.

17-ноябрда КМШ өлкөлөрүнүн парламенттик делегация башчыларынын катышуусунда Чыңгыз Айтматовдун 95 жылдыгына арналган эл аралык конференция болот.

Ушул эле күнү көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигине катышкан мамлекеттердин Парламенттер аралык Ассамблеясынын 56-пленардык жыйыны өтөт.

Ошондой эле иш-чаранын алкагында кыргыз-казак жаштар форумун өткөрүү пландалууда.

Бөлүшүү:
Next Post

Астанада Путинди Токаев өзү тосуп алды

Россиянын президенти Владимир Путин Астанага келди.  Борбор калаанын аэропортунан аны мамлекет башчысы Касым-Жомарт Токаев өзү тосуп алды. Казакстандын президентинин басма сөз кызматы иш сапары  учурунда Путин менен Токаевдин сүйлөшүүлөрү жүрүп, анда казак-орус стратегиялык өнөктөштүгүнүн актуалдуу маселелери талкууланарын билдирген. Ошондой эле лидерлер видеоконференция аркылуу Костанайда өтө турган эки өлкөнүн аймактар ​​аралык […]

Сизге жагышы мүмкүн